19.10.23

Түркиянын айыл чарба жана энергетика тармагында иш алып барышкан ири компаниялардын өкүлдөрү, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун чакыруусу менен Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин телеграм каналы билдирди.

Бизнес программасынын алкагында, делегация Кыргызстандын өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар энергетика, айыл чарба, соода жана инвестиция тармактарында эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Кыргызстан тарап, Түркиянын ишкерлерин Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоо, жаңы биргелешкен ишканаларды ачуу жана алдыңкы технологияларды киргизүү боюнча долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Түркиядан келген делегация мүчөлөрүнө, бир катар ийгиликтүү өндүрүш ишканаларын жана объектилерин көрсөтүлдү. Жолугушуулардын жыйынтыгында, түрк ишкерлери талкууланган бардык багыттар боюнча тыгыз, өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

https://centralasia.news/24474-tureckaja-biznes-missija-pobyvala-v-kirgizii.html