20.11.23

Кыргызстандын  Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында  20-ноябрь күнү, депутаттар “2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган “Түрк инвестициялык фондун” түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, кабыл алышты.

Кыргызстандын Экономика жана соода министринин орун басары Айнура Үсөнбекова, Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн макулдашуусу менен “Түрк инвестициялык фонду” түзүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт. Кыргызстандын үлүшү 70 миллион долларды түзөт жана үч жылга республикалык бюджеттен каржыланат.

Айнура Үсөнбекова:  “Фонддун уставдык капиталын толуктоо графигине ылайык, 5 миллион доллар өлчөмүндөгү каражаттар фонддун уюштуруучулары тарабынан акционерлердин чогулушунан кийин 90 күндүн ичинде баштапкы салым катары төлөнөт. Калган үлүш жыл сайын үч транш менен төлөнөт”, - деп билдирди.

https://www.tazabek.kg/news:2022274?from=tazabek&place=last-list