28.11.23

Бишкек шаарында 2023-жылдын 28-ноябрь күнү, биринчи “Кыргызстан-Венгрия” энергетикалык форуму болуп өттү. Аталган иш-чарага, Венгрия жана Кыргызстандын негизги энергетикалык компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Форум, эки тараптуу кызматташтыктын келечегин жана энергетика тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо максатында өттү.

Иш-чарага, Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана Тышкы иштер министрлигинин, ошондой эле “Венгрия-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун колдоосунун аркасында, ишке ашырылды. Форумдун негизги уюштуруучусу Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги болду.

Форумга катышуу үчүн Венгриядан төрт ири энергетикалык компаниялардын жетекчилеринен турган өкүлдөр келишти.

Аларга, “A-Hid Zrt”, “Pólus Kft”, “LUGOS Renewables”, “Realiscon Kft” компаниялары кирет. Аталган компаниялардын эксперттери, иновациялык технологиялар жана энергияны үнөмдөөгө багытталган көз караш, пикир сунуштарын билдиришти.

https://www.tazabek.kg/news:2026919?from=portal&place=last