15.12.23

Бишкектеги штамптоочу завод 2024-жылы “Shacman” жүк ташуучу унааларды чыгара баштайт деп белгилеп өттү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Бул тууралуу, өкмөт башчысы 15-декабрь күнү  экинчи элдик курултайда сөз сүйлөп жатып билдирди.

Жүк ташуучу унааларды өндүрүүгө 75 миллион доллар акча каражаты жумшалат. Министрлер кабинетинин төрагасы мындан тышкары, Чүй облусуна караштуу Москва районунда, Өзбекстандын компаниясы менен биргеликте баасы 50 миллион долларды түзгөн автоунаа чыгаруучу ишкана ачуу пландалып жаткандыгын билдирди.

Өкмөт башчысы ошондой эле 2026-жылга чейин жалпы баасы 2 миллиард долларды түзгөн 20 ири заводду ишке киргизүү пландалып жаткандыгын билдирди.

                                                                                                                                

https://www.tazabek.kg/news:2037541/?from=portal&place=nowread&b=1