15.12.23

Түштүк транспорт коридорунун алкагында, “Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан-Кыргызстан” багыты боюнча пилоттук контейнердик поездди ишке киргизүү маселеси каралууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан экинчи “Элдик Курултайда” сүйлөп жатып билдирди.

Курултайдын делегаттарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө, Садыр Жапаров Кыргызстандын жаңы ачылган соода жолдоруна токтолду. Мамлекет башчысы, өлкө соода жолдоруна ыңгайлуу географиялык позицияны ээлей турганын жана Чыгыш менен Батыштын ортосундагы көпүрө боло аларын дагы бир жолу баса белгиледи. Дал ушул максатта, Түштүк коридор деген жаңы мультимодалдык транспорттук каттам иштелип чыгып, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору ишке ашырылууда.

Садыр Жапаров: “Кытайдан Афганистанга андан Кыргызстанга жана Өзбекстан аркылуу темир жол менен жүк ташуучу контейнерлерин ташуу боюнча пилоттук долбоор улантылат. “Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан-Кыргызстан” багыты боюнча, пилоттук контейнердик поездди ишке киргизүү маселеси да каралып жатат. Жогорудагы демилгелер жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор, Кыргызстанга тышкы дүйнө менен транспорттук-логистикалык байланыштын жаңы деңгээлине чыгууга мумкүндүк берет деп ишенем”- деп белгилеп өттү.

https://economist.kg/transport/2023/12/15/v-kyrghyzstan-moghut-zapustit-kontieiniernyie-poiezda-iz-irana/