15.12.23

2024-жылы Кыргызстанда 100 өндүрүш ишканасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу, Бишкекте өтүп жаткан Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө, Министрлер Кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы, келерки жылы өнөр жай тармагына өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. Акылбек Жапаров: “2024-жылы 100 өндүрүштүк ишкананы ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Чүй облусунда эле 160 миллион долларлык “Терек-Таш” цемент заводу, кафель жана керамика чыгаруучу цех, тамеки фабрикасы ачылат. Өзбекстан менен биргеликте 50 миллион долларлык машина куруучу заводду ишке киргизүү пландалууда. 700 гектар жерге логистикалык шаарчаны куруу башталат. Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоого 1 миллиард сом бөлүндү”, - деп билдирди.

https://kabar.kg/news/v-2024-godu-po-kr-planiruetsia-zapustit-100-proizvodstvennykh-predpriiatii/