12.20.23

Кыргызстан жана Өзбекстан 2024-жылдан тарта, 12 үлгүдөгү автоунааны биргелешип чыгарууну баштайт. Бул тууралуу, “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Данияр Амангелдиев: “Учурда “УзАвтоСаноат” компаниясы менен биргелешип курулган “Алтын-Тулпар” унаа жыйноочу завод ишке киргизүүгө даярдалууда.  Менимче, келерки жылы ал өзүнүн долбоордук кубаттуулугу менен иштеп баштайт. Курулуш жана ишке киргизүү иштери аяктап жатат”, - деп билдирди.

Министр белгилегендей, долбоор “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Долбоорго ылайык, ал үч этап менен ишке ашат. Алгачкы үч жылдын ичинде 10 миң даана автомобиль жана коммерциялык машиналар өндүрүлөт жана 500 жумушчу орду пайда болот.

Экинчи этапта автомобиль тетиктерин чыгарууну уюштуруу жана кубаттуулукту 20 миң автоунаага чейин көбөйтүү каралган. Жаңы жумушчу орундарынын саны 1000 чейин көбөйөт. Үчүнчү этапта, өндүрүш көлөмү 30 миң автомобилге чейин көбөйөт, ал эми ишканада иштегендердин саны 2000 адамды түзмөкчү.

https://eltr.kg/ru/kyrgyzstan-i-uzbekistan-zapustyat-sovmestnoe-proizvodstvo-12-modelej-avto-s-2024-goda/