09.01.24

Кыргызстандын жарандары кайрадан Түркияда бекер дарылана алышат. Бул маселе, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиялык кесиптеши Хакан Фидан менен болгон жолугушуусунда талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, Кыргызстан менен Түркиянын биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун VI отурумунда тараптар келишимди ишке ашырууну кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ага ылайык Кыргызстандын жарандары, Түркиянын медициналык мекемелеринде бекер дарылана алышат.

Эскерте кетсек, буга чейин 2023-жылы Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серимге кыргызстандыктарга бекер дарыланууга квота берүү боюнча келишимди жаңыртуу сунушун билдирген.

Бул программа коронавирустук пандемияга чейин иштеп, жылына 150 жакын кыргызстандыктарга Түркияда квалификациялуу дарыланууга мүмкүндүк берип келген. Негизинен онкология, органдарды трансплантациялоо, микрохирургиялык операцияларга муктаж болгон жарандар дарыланып турушкан.

https://economist.kg/novosti/2024/01/09/kyrghyzstan-i-turtsiia-obsuzhdaiut-vozobnovlieniie-biesplatnogho-liechieniia-dlia-ghrazhdan-kr/