12.01.24

Кыргызстан жана Казакстан биргелешкен соода комплексин курат. Бул боюнча, эки өлкөнүн чек арасында өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү долбоорун ишке ашыруу үчүн жол картасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Мындай чечим 12-январда Бишкекте өткөн, Кыргызстандын Экономика министрлигинин Казакстандан келген делегация менен болгон жумушчу жолугушуусунда кабыл алынды.

Кыргызстандын Экономика министрлигинен кабарлашкандай, жолугушууда “Ак-Тилек” жана “Кара-Суу” автожол постторунун аймагында, өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана анын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча негизги маселелер талкууланды.

Эки тарап тең, бул долбоордун соода жана логистика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле бизнести өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөкчү фактор катары маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Эскерте  кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосунда эки өлкөнүн чек арасында, өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жөнүндө макулдашууга, тараптар 2023-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюшкан. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, комплекстин түзүлүшү аймактагы өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, Казакстан менен Кыргызстандын соода-экономикалык байланыштарын чыңдоого, жаңы технологияларды тартууга, ошондой эле логистика жана инфраструктураны жакшыртууга өбөлгө түзөт.

https://economist.kg/transport/2024/01/12/kyrghyzstano-kazakhstanskii-torghovyi-komplieks-na-ghranitsie-sozdana-rabochaia-ghruppa/