24.01.24

Кыргызстандын Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ 2023-жылдын 24-январь   күнү боорду алмаштыруу операцияларын жасоо боюнча билим жана практикалык тажрыйба алуу үчүн Түркияга үч айлык стажировкага жөнөп кетишти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Түркиянын “Инөнү” университетинин ортосундагы кызматташуу боюнча кол коюлган келишимдин алкагында, кыргызстандык дарыгерлер тажрыйба алмашат.

13 адис-хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант, медайымдардан турган топ түзүлгөн. Акысыз окуу мезгилинде кыргызстандык адистер бекер турак жай жана тамак-аш менен камсыз болушат. Бир күн мурун академик Мамбет Мамакеев Түркияга кетип жаткан адистер менен жолугушту.

Академик Мамбет Мамакеев:  “Кыргызстанда көптөн бери боорду алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операцияларды жасоо  пландалып келген. Боорду трансплантациялоо боюнча, кыргызстандык хирургдардын ийгиликтүү иштерин көрүүгө чоң үмүтүм бар”, - деп билдирди.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-12-январь күндөрү, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда органдарды трансплантациялоо боюнча беш клиниканын бири болуп саналган, Түркиянын “Инөнү” университетинде болгон. Иш сапардын жыйынтыгында, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен    “Инөнү” университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.

 zdorovie.akipress.org/news:2055966?f=cp