29.01.24

Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылдын аягында 14,6% пайызга өсүп, 1 миллиард 232 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте иш сапары менен жүргөн Казакстандык кесиптеши Мурат Нуртлеу менен жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.

Анын айтымында, оор геосаясий шарттарга карабастан Кыргызстан менен Казакстан айрым тармактарда соода алакасын сактап бекемдеп келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев: “Акыркы жылдары эки тараптуу соода туруктуу өсүш көрсөттү. Ошентип, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, өз ара сооданын көлөмү 1 миллиард 232 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,6% пайызга көпттүк кылат”, - деп белгилеп өттү.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле мамлекет башчыларынын тапшырмасы боюнча, эки өлкөнүн тармактык мамлекеттик органдары, жакынкы аралыкта соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.

https://kabar.kg/news/tovarooborot-mezhdu-kyrgyzstanom-i-kazakhstanom-po-itogam-2023-goda-uvelichilsia-na-14-6/