01.02.24

Кыргызстан “Транскаспий” эл аралык транспорт коридорун (Орто коридор) Кыргызстан менен Кытайдан Европа өлкөлөрүнө автомобиль жана темир жол транспорту үчүн колдонууну пландаштырууда.

Бул тууралуу, “Евробиримдик-Борбор Азия” транспорттук байланыштары боюнча инвесторлор форумунда министрлер кабинетинин төрөагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул жол аймактарды бириктирип алардын экономикалык өсүшүн гана эмес, экономикалык коопсуздугун да камсыз кылуунун дагы бир негизи болуп калат.

Бакыт Төрөбаев: “Президентибиз Садыр Жапаров өлкөбүздүн жана аймактын транзиттик потенциалын чыңдоого өзгөчө маани берет. Биз ири эл аралык транспорт тармактарына интеграция болуу максатында, жаңы жолдорду куруу жана учурдагы транспорттук артерияларды модернизациялоо боюнча жигердүү иштеп жатабыз. Биздин максат, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы соода алакасын бекемдөөгө салым кошо турган туруктуу жана эффективдүү инфраструктураны түзүү”, - деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, “Орто коридор” 2014-жылдын февраль айында Азербайжан, Казакстан жана Грузиянын тиешелүү түзүмдөрүнүн катышуусунда түзүлгөн. Кийинчерээк долбоорго Украина, Румыния жана Польша кошулган. Учурда бул каттам, Кытай жана Казакстан чек арасынан башталып Казакстан, Каспий деңизи, Азербайжан жана Грузиянын аймагы аркылуу Европага өтөт. Бардык каттам үчүн бирдиктүү тариф түзүлүп, “бирдиктүү терезе” принциби иштейт.

https://report.az/ru/infrastruktura/kyrgyzstan-nameren-ispolzovat-transkaspijskij-koridor-dlya-gruzoperevozok/