01.02.24

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыга болгон иш сапарынын алкагында, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы азыркы мамилелер саясий диалогдун жогорку деңгээлин тастыктай турганын белгиледи. Өз ара сооданын жана инвестициянын көлөмү жыл сайын өсүп, ишкердик, илимий жана маданий байланыштар дагы күч алууда.

Өз кезегинде, Алихан Смаилов белгилегендей, өткөн жылдын 11 айында өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 12% пайызга өсүп, 1,3 миоллиард долларга жеткен.

Алихан Смаилов: “Өкмөттөр мамлекет башчылары тарабынан мурда коюлган товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасынын үстүндө иштөөнү улантууда. Биз эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгүн бардык багыттар боюнча мындан ары да колдоого даярбыз”, - деп белгилеп өттү.

https://economist.kg/ekonomika/2024/02/01/kyrghyzstan-i-kazakhstan-prodolzhaiut-rabotat-nad-doviedieniiem-tovarooborota-do-2-mlrd/