27.02.24

Кыргызстанда 2024-жылы эки унаа заводу иштеп баштайт. Бул тууралуу, 27-февралда “Агродиалог-2024” форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын билдиришинче, бул жылы “Өзбекстан-Кыргызстан” жана “Кытай-Кыргызстан” унаа заводдору пайдаланууга берилет.

Акылбек Жапаров: “31-августка чейин Кытай менен биргеликте электр унааларын чыгаруучу заводду колдонууга беребиз, ал эми, 1-майда “Кыргызстан-Өзбекстан” унаа заводу иштеп баштайт”, - деп белгилеп өттү. Анын айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк унаа чыгаруу чынжырына кириши керек.

https://www.tazabek.kg/news:2070842?from=portal&place=last