28.02.24

Президент Садыр Жапаров 28-февралда Чүй облусунун Сокулук районунда автоунаа чыгаруучу ишкананын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу, Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Электр унааларын, коммерциялык жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды жана атайын жабдууларды чогултууга багытталган долбоор эл аралык рынокто унааларды жана ага тиешелүү продукцияларды өндүрүү жана сатууну камтыйт. Биринчи этапта инвестициянын көлөмү 115 миллион долларды түзүп, долбоордук кубаттуулугу жылына 80 миңден ашык унааны түзөт.

Ишкана өлкөнүн автоунаа өнөр жайын өнүктүрүүгө түрткү берип, ички дүң продукцияда (ИДП) машина куруу тармагынын үлүшүн жогорулатып, кошумча жумушчу орундарды түзөрү күтүлүүдө. Ишкананы ишке киргизүү үстүбүздөгү жылдын август айында күтүлүүдө.

https://economist.kg/transport/2024/02/28/sadyr-zhaparov-zalozhil-kapsulu-pod-stroitielstvo-avtomobilnogho-zavoda-v-chuiskoi-oblasti/