29.02.24

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нура Голлиев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар, транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу, Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тилек Текебаев белгилегендей, Түркмөнстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп саналат жана анын ведомствосу транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берет.

Көрүшмөнүн жүрүшүндө тараптар, Кыргызстандын жүк ташуучулары үчүн Түркмөнстандын аймагы аркылуу автомобиль транспорту менен өтүү үчүн   жыйымдардын тарифтери, бир жылдык виза алуу мүмкүнчүлүгү жана кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн визанын баасын төмөндөтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда эки тараптуу транзиттик жүк ташууга уруксат берүү системасын жокко чыгаруу демилгесин талкуулашты.

Нуры Голлиев өз кезегинде, Түркмөнстандын транспорт тармагында Кыргызстан менен кызматташууга, ошондой эле тажрыйба алмашууга жана эл аралык транспорт коридорлору боюнча өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле жогоруда аталган маселелер өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы отурумунда карала турганын белгиледи.

https://economist.kg/transport/2024/02/29/kyrghyzstan-i-turkmienistan-obsudili-miery-poddierzhki-ghruzopierievozchikov/