Бишкектеги Кыргыз –Түрк Достук Ооруканасы эксплуатацияга берилүүгө даяр. Бул маалымат, Саламаттык Сактоо министрлигинин пресс бөлүмүндө билдирилди.


Алардын айтымына караганда, уюмдун башчысы Космосбек Чолпонбаев  саламаттык сактоо мекемесине зыярат этип кызматташтык жана өнүгүү боюнча Түркия Башкармалыгынын Бишкектеги офисинин өкүлдөрү менен кезикти.
 “Бүгүн келишимдик долбоордун тексти талкууланып жатат. Документ ратификациядан өтүшү керек.  Келишимге ылайык Кыргыз тарабы Түркия тараптан акыркы жоопту күтүп жатат. Эки тарап тең жакынкы арада документтин акыркы вариантына  кол коюуларына болгон ишенимдүүлүктөрүн билдиришти”- деп министрликтен билдирилди. Айтымдар боюнча, бул оорукана Түркия тарабынан Кыргыз калкына  болгон белек. Аны аягына чейин куруп бүтүрүү жана 2017 –жылдын 31-августуна чейин эксплуатацияга берилүү пландалган.