19.03.24

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы жумушчу сапарынын алкагында “Алтын Тулпар Унаа Курулуш” жеңил автоунааны куроо жана чыгаруу боюнча заводдун курулушу менен таанышты. Завод “Chevrolet” жана “Isuzu” үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарат.

Акылбек Жапаров белгилегендей, бул инвестициялык долбоор автомобиль тармагын өнүктүрүүгө жана аймактын экономикасын өнүктүрүүгө кызмат кылат. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга продукцияны сатууну колдоо программасын иштеп чыгып, заводдун тез арада ишке киришине шарт түзүүнү тапшырды. Алгачы этапта завод жылына 10 миң автоунаа чыгарат. Ишканада 1 миңден ашык туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

https://www.tazabek.kg/news:2080025?from=tazabek&place=last-list