26.03.24

Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Конья шаарында түрк компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу иш сапарынын учурунда жолугушкан. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 26-март күну билдирди.

Конья шаарынын соода палатасына мүчө компаниялардын өкүлдөрү чогулуп Кыргызстандын элчиси менен жолугушуу өткөрүштү. Иш чаранын жүрүшүндө, элчи Кыргызстандагы инвестициялар жана бизнести коргоо боюнча өлкөнүн жетекчилиги тарабынан көрүлгөн негизги иш чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

Руслан Казакбаев Кыргызстандын акыркы үч жылда салык саясатынын жана улуттук экономикасынын өсүшү тууралуу маалымат берди. Андан тышкары ал башка өлкөлөр менен соода көлөмүнүн көбөйтүүсүн жана Конья облусу менен кызматташуунун өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, Кыргызстан тарап айыл жана мал чарбачылы, гидроэнергетика, туризм жана тоо-кен өндүрүш багыттарына инвестицияларды тартууда артыкчылыктар бар экендигин белгилеген.

Түркиялык компаниялардын өкүлдөрү, Кыргызстандан  мал терисин импорттоо, кайра жаралуучу жашыл энергия жана тоо-кен тармагына кызыкчылыктары бар экендигин билдиришти. Чогулуштун жыйынтыгы менен тараптар, Кыргызстанга иш сапарларды уюштурууну жана «Кыргызстан – Конья» бизнес форумун уюштурууну макулдашашты.

https://www.tazabek.kg/news:2082426?from=rss