27.03.24

Өзбекстандын “Dentafill plus” дары өндүрүүчү компаниясы Кыргызстанда өндүрүш линиясын ачууну ойлонууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өндүрүш ачуу ниетин, Өзбекстан компаниасынын өкүлдөрү 26-мартта, Кыргызстандын Өзбекстандагы Экономика министирлигинин соода өкүлчүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдиришти.

Өзбекстандык “Dentafill plus” компаниясы дары-дармектерди, майларды, медициналык кол каптарды, инфузиялык инъекциялык препараттарды жана тиш жуучу пасталарды чыгарууга адистешкен.

Экономика министрлигинин соода өкүлчүлүгү тараткан маалыматта: “Биз Өзбекстандык өнөктөштөр менен кызматташуунун жогорку потенциалына ишенебиз жана чыдамсыздык менен демилгени ишке ашырууну күтөбүз. Бул фармацевтикалык дарыларды өндүрүшүнө гана эмес, Кыргызстандагы жаңы иш орундардын пайда болуусуна дагы алып келет”, - деп билдирет.

https://economist.kg/biznes/2024/03/27/uzbiekskii-proizvoditiel-liekarstv-dumaiet-otkryt-proizvodstvo-v-kyrghyzstanie/