16.04.24

Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан “Камбар-Ата 1-ГЭС” гидроэлектростанциясын куруу боюнча келишим түзгөнү жатышат. Аталган  гидроэлектростанция Кыргызстандагы Нарын дарыясында курулат.

Макулдашуунун долбоору, Казакстандын өкмөтүнүн маалымат сайтында жарыяланды. Бул документте кызматташуунун жана объектти андан ары эксплуатациялоонун шарттары аныкталат.

Документке ылайык, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык “Камбар-Ата-1 ГЭС” гидроэлектростанциясында өндүрүлгөн электр энергиясынын бардык көлөмүн тараптар аныктаган уюмдар тарабынан сатып алуу кепилдигине, ошондой эле консенсустун негизинде чечим кабыл алууга жана сууну чыгаруунун макулдашылган көлөмүн камсыз кылууну эске алуу менен электр станциясынын иштөө режимин башкарууга негизделет.

Макулдашууну координациялоо жана аткаруу үч республиканын энергетика министрликтерине жүктөлөт.

Долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу үчүн бул республиканын мыйзамдарына ылайык өзүнчө акционердик коом түзүлөт. Акционердик коомдун уставдык капиталындагы Кыргызстандын үлүшү 34% пайыз, Казакстандын 33% пайыз жана Өзбекстандын үлүшү 33% пайыз болот. Мында тараптардын акциялары аларды бириктирүү, өткөрүп берүү же сатуу мүмкүнчүлүгү жок өзгөрүүсүз калат.

Долбоор аяктагандан кийин “Камбар-Ата-1 ГЭС” гидроэлектростанциясынын акциялары жана активдери толугу менен Кыргызстандын карамагына өтөт.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/85135