18.04.24

Кыргызстан Азербайжан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуу үчүн байланыштыруучу звено болуп, Түркия менен Европа өлкөлөрүнө жол ача алат. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Бишкекте өткөн “Caspian Investment Fоrum Bishkеk” форумунда билдирди.

Исабеков транзиттик потенциалды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана ишкердик мамилелерди түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан Кытай менен Азербайжанды бириктирүүчү звено боло алат, ал аркылуу Түркия менен Европа өлкөлөрүнө жол ачылат. Бажы кызматынын башчысы ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы көп кылымдык достук байланыштарды жана бажы тармагындагы иштердин ар тараптуулугун белгиледи.

Самат Исабеков: “Биз бажы процесстерин жөнөкөйлөтүп, муну менен эл аралык сооданын өнүгүшүнө салым кошушубуз керек. Бул максаттарга бажы процесстерин автоматташтырууну жана санариптештирүүнү киргизүү аркылуу жетишүүгө болот. Бажы процесстерин санариптештирүүгө маанилүү роль берилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясында биз Азербайжандын бажы комитетин өнүктүрүү жолун тандап алдык. Өлкөлөрүбүздүн бизнес коомчулугун соода мамилелерин өнүктүрүүгө чакырабыз, өз тараптан толук колдоо көрсөтүүгө даярбыз",-деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, 17-апрелде Кыргызстан-Азербайжан экономикалык алакасын кеңейтүү максатында, Бишкекте “Caspian Investment Fоrum Bishkеk”  форуму болуп өттү. Форумга Кыргызстандын Экономика министри Данияр Амангелдиев, Транспорт министри Тилек Текебаев, Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин башчысынын орун басары Жавад Гасимов, Кыргызстан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдөн келген компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

https://economist.kg/ekonomika/2024/04/18/kyrghyzstan-priedlozhili-sdielat-sviazuiushchim-zvienom-v-torghovlie-miezhdu-azierbaidzhanom-i-kitaiem/