19.04.24

Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо механизми жана соода миссияларын натыйжалуу пайдаланууну талкуулаган семинары болуп өттү.

Бул тууралуу, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 2024-жылдын 18-апрелинде билдирди. Семинар “ТүркПа” уюмунун Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында өттү. Семинардын жүрүшүндө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо жаатындагы маселелер талкууланды.

“ТүркПА” уюмунун баш катчысы Мехмет Сурея Эр, азыркы учурда түрк мамлекеттеринин өз ара соодасынын көлөмү интенсивдүү түрдө көбөйтүп жатканын, алардын ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылы 33 миллиард доллар болсо, 2023-жылы 42 миллиард долларга чейин өскөнүн билдирди.

Мындан тышкары, экономиканы өнүктүрүүгө, коммерциялык активдүүлүктү жогорулатууга жана бизнес долбоорлорду алдыга жылдырууга багытталган ири долбоорлор бар экенин билдирди. Мисалы, “Туран” эркин экономикалык өнөр жай  аймагы, “Түрк инвестициялык фонду” түрк тектүү өлкөлөрдүн биргелешкен экономикалык демилгелерин камтыйт.

Мехмет Сурея Эр: “Түрк мамлекеттеринин биримдиги, бул кылымдар бою жалпы тарыхы, маданияты, баалуулуктары жана каада-салттары менен байланышып келген элдерибиздин ак ниеттүү эрки. Түрк мамлекеттеринин өсүп бара жаткан кадыр-баркы жана экономикалык күчү биздин өлкөлөрдү дүйнөлүк экономиканын жана геосаясаттын маанилүү бөлүгү катары эсептелет”,-деп белгилеп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун жаңы өнүгүү стратегияларын жана инновациялык ыкмаларын колдонуу маселеси каралып, түрк өлкөлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу талкууланды.

https://www.tazabek.kg/news:2092709?from=portal&place=last