20.04.24

Кыргызстан менен Түркия 1-майдан тарта эки тараптуу жана транзиттик жүк ташуу үчүн талап кылынган уруксаттарды жокко чыгара турганын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта:  “Эми 1-майдан тарта, Кыргызстан-Түркия жүк ташуучулары эки өлкөгө транзиттик жүктөрдү эркин ташый алышат (уруксат берүүлөр жокко чыгарылат). Мындан тышкары, жүктөрү жок (кирүү акысыз) жана үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды алып кирүүгө уруксат берүүчү квоталардын көбөйүшү жүк ташуучулардын көйгөйлөрүн бир топ жеңилдетти”, - деп айтылат.

2024-жылдын февраль айында, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев менен Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун жолугушуусунда жогорудагы макулдашууга жетишилген. Кыргызстандын Транспорт министрлиги транспорттук комиссия түзүү макулдашылганын билдирди. Комиссия эки өлкөнүн транспорт министрликтеринин кызматкерлеринен жана эл аралык жүк ташуучу ассоциациялардын өкүлдөрүнөн түзүлөт, алар эки өлкөнүн ортосундагы транспорт тармагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча тиешелүү биргелешкен милдеттерди аткарат.

Комиссиянын биринчи отуруму 2024-жылдын 18-19-апрель күндөрү Стамбулда болуп өттү. Жыйынтыгында эл аралык жүк ташуу жаатында келишимге кол коюлду.

https://www.tazabek.kg/news:2093526?from=portal&place=last