Европа Инвестициялык  Банкы Өзбекстанга суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жана иш-каналардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 100 миллион евро насыя бөлүп берди.

100 млн.евро Европа Союзу тарабынан каржыланган фонддун климат жана айлана-чөйрө боюнча жүргүзгөн иш-чараларынын алкагында суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды тазалоо тармагындагы долбоорлорго жумшалат.

Бул иш Өзбекстанга тышкы суу ресурстарына болгон жогорку көз карандылык жана таза суунун жетишсиздиги менен күрөшүүгө жардам берет. Билдирүүлөргө караганда өлкөдө колдонулган суунун 80 пайызы коңшу өлкөлөрдөн алынат.

Дагы 100 млн. евро чакан жана орто ишканаларга ошондой эле жеке сектордук компаниялардагы энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга жумшалат.

ЕСБнин каржылоосу өкмөттүн 2030-жылга чейин өлкөнүн энергетика керектөөсүн кеминде 50 пайызга кыскартуу максатын ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Белгиленгендей өнөр-жай тармагынын өлкөдөгү бул кырдаалды оңдоого олуттуу  мүмкүнчүлүгү бар.

Эки долбоор Дүйнөлүк Банк менен бирликте иштелип жатат жана Европа комиссиясынын жетекчилиги алдындагы Борбордук Азия өлкөлөрүнө жардам көрсөткөн инвестициялык фонддон техникалык колдоо алуу күтүлүүдө.

https://www.gazeta.uz/ru/2018/10/17/eib/