23.11.18

 Ташкентте Борбордук Азиядагы дары-дармектерди изилдөөчү борбор ачылды.

Кытай Илимдер академиясынын президенти Бай Чунлинин айтымы боюнча, борбор илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтык үчүн маанилүү аянтча болмокчу. Борбор илимий кадрларды алмашуу, ресурстарды бирге колдонуу, Борбордук Азиядагы дары өсүмдүктөрдү изилдөө жана туруктуу башкаруу тармагындагы окумуштуулардын окутуу боюнча чоң ролду ойнойт.

Бай Чунли: "Борбор Кытайдын Жибек жолу өткөн мамлекеттер менен илимий-техникалык кызматташтыкты өрчүтүү үчүн жөлөк болуш керек жана  биздин өлкөлөрдүн туруктуу коомдук-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошушу керек", - деп билдирди.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Ташкенттеги кытай илимдер академиясынын  Борбордук Азия илимий жана билим берүү университетини базасы ачылган.

Өзбекстандагы Кытайдын убактылуу өкүлү Чжан Вэньчуаньдын айтымы боюнча, борбор, "Бир алкак - бир жол" биргелешип куруу ишине басым жасаса, үзгүлтүксүз техникалык денгээлин жакшыртууга, жогорку сапаттагы эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын аянтчасынын түзүү үчүн таасирин кеңейтүүгө болот.

"Өзбекстан негизинде, Борбор Азия боюнча ишин жайылтуу аркылуу, Кытай  “Бир алкак – бир жол” аймагындагы өлкөлөр менен илимий-техникалык кызматташтыктын бир "өзгөчө брендине" айлануу максатында  көбүрөөк өлкөлөр менен иш алып барууну көздөөдө.

Борбор "Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен илимий-техникалык кызматташтык” программасынын алкагында ачылган.

http://kabar.kg/news/v-tashkente-otkrylsia-tcentr-po-issledovaniiu-lekarstvennykh-preparatov-v-tcentral-noi-azii/