16.01.19.

2018-жылы Өзбекстанда 364 компания курган Түркия чет элдик инвестиция көп салган өлкө катары Россиядан кийин экинчи орунду ээледи.

2018-жылдын жыйынтыгы менен Өзбекстанда иштеп келген 428 компаниясы менен Россия биринчи орунга чыккан. Экинчи Түркия 364 компания, Кытай 351 компания, Казахстандын капиталы менен 246 компания, Түштүк Корея 161 компания куруган.

Ошондой эле Афганистан, Индия, Германия, Украина, Азербайджан өлкөлөрү дагы 2018-жылдын жыйынтыгы менен эң көп компания курган өлкөлөрдүн катарына киришкен.

Чет өлкөлүк мамлекеттердин капиталы менен курулган иш каналары Өзбекстандын Ташкент, Самарканд  жана Хорезм областарында жер алышкан.  Негизинен чет элдик каражатка курулган иш каналар өндүрүш, соода, курулуш жана курулуш материалдарын жасоо тармактарына инвестиция  жасашкан.

http://kabar.kg/tur/news/turkiye-ozbekistanda-en-cok-irket-kuran-ikinci-ulke/