18.01.19

18-январда “Динамикалуу Гуджарат” атту эл аралык саммиттин алкагында Гандинагаре шаарында Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеёв Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мурдагы мамлекеттик сапарлардын жыйынтыгында кол коюлган келишимдердин практикада ишке ашыруу боюнча маселелер каралды.

Сапардан кийинки өткөн мезгил ичинде, бардык багыттары боюнча кызматташтык мамилелердин кыйла жандана баштагандыгы белгиленди.

2019-жылдын 13-январында Самаркандда Афганистандын катышуусу менен “Индия- Борбордук Азия” диалогунун биринчи тышкы иштер министрлер жолугушуусу болуп өттү.

Соода-экономика боюнча кызматташуу тармагында  Ташкентте биргелешкен Ишкердикти өнүктүрүү борбору иштеп баштады.

Гуджаратта өзбек-индия иш кеңешинин отуруму өткөрүлдү.

Индиялык өнөктөштөр менен биргеликте Ташкентте заманбап маалыматтык технологиялардын технопаркы жана Андижан облусунда фармацевттик зона курулууда.

Индиянын Эксимбанкы менен Өзбекстанда коомдук долбоорлорду каржылоо үчүн 200 миллион доллардык льготалык кредиттик линияны бөлүп берүү боюнча келишим кабыл алынган.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Өзбекстанда Индиянын алдыңкы жогорку окуу жайларындан Амити жана Шарда университеттеринин филиалдары ишке кирет.

Маданий-гуманитардык алмашуулардын кеңейтилишине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Индияны узун мөөнөттүү уран менен камсыз кылуу боюнча кол коюлган келишимдин алмашуу аземи орун алды.

http://uza.uz/ru/politics/shavkat-mirziyeev-vstretilsya-s-narendroy-modi-18-01-2019?utm_source=uznet.press&utm_campaign=topic