12.02.19.

Өзбекстандын Ашхабад шаарындагы толук ыйгарымдуу элчиси Акмалжон Кучкаров Өзбекстан жана Түркменистан ортосундагы экономикалык жана соода-сатыктык, инветициялык  салымдар боюнча журналистерге маалымат берди.

 

Элчи мырза, эки өлкөнүн ортосундагы жогорку денгээлде болуп өткөн эки тараптуу диалогдун негизинде Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу соода жүгүртүү 70% пайызга көбөйүп 302 миллион долларга жеткендигин белгиледи.

Түркмөнстандан  Өзбекстанга экспорттолуп жаткан буюмдарынан  курулуш материалдары, маанилүү орунду ээлегендигин көрсөтүү менен 2018-жылы, Өзбек жеке ишкерлери, Түркмөнстандын экономикасы үчүн маанилүү ролду ээлегендигин билдирди. Алар,  түркмөн ишкерлери менен биргеликте  жыйырма бештен ашуун иш-каналарды ачышкандыгына токтолду.

 Ошондой эле, Акмалжон Кучкаровдун айтымында, Өзбекстанда чет өлкөлүк инвестицияларды кеңейтүүгө байланышкан жаңы саясат жүргүзүлүп жаткандыгын жана эки тараптуу байланыш дагы да кеңейе тургандыгына ишене тургандыгын кошумчалады.  

Мындан тышкары эки өлкөнүн оросунда маданий гуманитардык мамилелер дагы өнүгүп жаткандыгын, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында ачылган Ашхабат паркы жана Махтугули көчөсүнүн пайда болушун мисал келтирип кетти. Өткөн жылы Түркменистан президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун Өзбекстанга болгон расмий иш сапары жана ошол жылы Шавкат Мирзёевдин Арал деңизин сактап калуу боюнча Аваз шаарында болуп өткөн самитке катышкандыгын айтып өттү.

http://kabar.kg/tur/news/turkmenistan-ile-ozbekistan-aras-ndaki-ticaret-hacmi-2018de-70-artt/