14.02.19.

Ташкент.

Түркия Республикасынын Пайдалуу кендерди иштетүү жана изилдөө башкармалыгы (MTA) жана Өзбекстандын Геология жана минералдык  ресурстар комитетинин тарабынан Өзбекстандын аймагында, эки алтын жана бир вольфрам кенин изилдөө боюнча келишимге кол коюулду.

Түркиянын Жаратылыш жана энергетика минстринин орун басары Митхат Жансыз жана Өзбекстан тараптан        Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик комитетинин башчысы Бабур Исмаилов кызматташуунун  келечеги тууралуу маселелерди талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн тоо-кен тармагында мындан дагы кеңири маштабда кызматашууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.  Жолугушуунун жыйынтыгында, Түркия Республикасынын Пайдалуу кендерди иштетүү жана изилдөө башкармалыгы (MTA) жана Өзбекстандын Геология жана минералдык  ресурстар комитетинин ортосунда келишимге кол коюулду.

Анынын жыйынтыгы боюнча, Өзбекстандын Навои жана Жизак областарына караштуу, Саритай, Хуроб жана Айдын-Жетимтал жерлеринде алтын жана вольфрамдын запастарын аныктоо үчүн геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.

https://www.aa.com.tr/tr/ekonomi/turkiye-ozbekistanda-altin-ve-volfram-arayacak/1393259