CA-NEWS (UZ) - Өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев жакынкы убакыт аралыгында Өзбекстан жана Түркиянын ортосунда жылына 3-4 миллиард долларга чейинки товар алмашуу боюнча келишим түзүлгөнүн белгиледи. Бул тууралуу УзА кабарлайт.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркия Республикасынын премьер-министри Бинали Йылдырым 26-октябрда эки өлкөнүн каржы жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда 26-октябрда Стамбулда эки өлкөнүн бизнес чөйрөсү катышкан бизнес-форумда жалпы суммасы 3,5 миллиард долларлык ири энергетикалык объекттерди жана жолдорду куруу, текстилдик өндүрүштөрдү, электр жабдууларын, курулуш материалдарын чыгаруу, заманбап азык-түлүк жана айыл-чарба өнөр-жайларын, логистикалык борборлорду уюштуруу боюнча 30 дан ашуун долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу максатында келишимге кол коюлду.

Өзбекстандын өлкө башчысы Өзбекстан менен Түркиянын ортосунда жылына 3-4 миллиард долларлык товар алмашуу боюнча келишим жакында эки өлкөнүн ишкерлери үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратарын белгиледи.

Ошондой эле, Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда ишкерлик кылуунун шарттары тууралуу түрк компанияларынын жетекчилеринин ойлору менен кызыкты.

Түрк ишкерлери Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында ишке ашып жаткан экономикалык реформаларды жогору баалашып, валюталык системаны либералдаштыруу, виза алуу тартибин жөнөкөйлөтүү, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзгөнүн баса белгилешти.

Белгиленгендей, инвесторлор жана ири компаниялар менен түз байланышууга жагымдуу шарт түзүү үчүн Өзбекстанда түрк бизнес борбору ачылмакчы.