05.21.19.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Өзбекстандын локомотив паркын жакшыртууга 24 заманбап электр локомтивдерин сатып алуу үчүн $ 170 млн. доллар өлчөмүндө насыя берүүнү чечти. Бул боюнча 21-май күнү белгилүү болду.

Жаңы локомотивдер жүргүнчүлөргө жана транспорттук жүк ташууларга таза, ишенимдүү, натыйжалуу кызматтарды сунуштайт жана темир жол системасынын натыйжалуулугун жогорулатат.

Долбоордун алкагында 24 электр локомотивден, 16 жүк поезддери, ал эми 8 жүргүнчү поездер үчүн алынмакчы. Бул кыймылдаткыч жылына 900000 тонна зыяндуу  парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтуу  жана жергиликтүү денгээлде абанын булганышын азайтууга жардам берет. Ташкенттеги "Өзбекстан" локомотив депосу да жаңы парктын керектөөлөрүнө жооп берүү  максатында модернизацияланат. "Өзбекстан темир жолдору" мамлекеттик-акционердик темир жолу компаниясы, өлкөнүн транспорттук муктаждыктарын каршылоо үчүн узак мөөнөттүү стратегиясын ишке ашырат. Долбоордун жалпы наркы $ 218.3 млн. долларды түзөт. Ага кошумча өзбек өкмөтү дагы $ 48,3 млн. доллар  бөлмөкчү. Долбоор 2025-жылдын июнунда аяктайт деп күтүлүүдө.

https://www.gazeta.uz/ru/2019/05/21/locomotive/