Өзбекстан Volkswagen компаниясы менен бирге автоунааларды өндүрөт деп билдирди, өлкөнүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

28-майда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен бир катар келишимдерге кол койду. Мындан сырткары, эки тарап маалыматтардын коргоонуусу жана алмашуу, парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтуу тармагында, кызматташтык жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптация болуу келишимине кол коюушту. Мындан тышкары, Өзбекстандын Илимдер академиясы менен Германиянын «Integra GmbH» жана «Vamed Engineering GmbH» компанияларынын ортосунда Ташкентте Ядердик медицина жана нур менен дарылануу борборун куруу боюнча келишимдерге . 29-майда Германиянын президенти жубайы менен Ургенч мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту жана Хива тарыхый шаарына сапар жасашты. Маалымдангандай эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2018-жылы 770 млн. долларга өскөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 25 пайызга көптүк кылат.

Эскерте кетсек, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Өзбекстанга расмий иш сапары менен 27-майда келген.

https://uz.sputniknews.ru/economy/20190528/11626294/Uzbekistan-nachnet-proizvodit-Volkswagen.html