3 июль күнү Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясы «Узбекистон хаво йуллари» Boeing 787-8 Dreamliner үлгүсүндөгү бешинчи учагына ээ болду.

Бул тууралуу Өзбекстан телеграфиялык агентиги кабарлады. “2 июль күнү саат 18.35 убактысында Ташкент шаарында жайгашкан И. Каримов атындагы аэропортко, бешинчи ирет сатылып алынган Boeing 787-8 Dreamliner учагы келип конду. Учак 246 жүргүнчүнү ташууга ыңгайлаштырылган. Алардын 24 оруну бизнес-класс болсо, 222-орун эконом класс болуп эсептелет” – деп айтылат билдирүүдө. Жаңы учак UK78705 атуу катталуу номерине ээ болду. 2020-жылга «Узбекистон хаво йуллари» компаниясынын өнүгүү планында, ушул эле үлгүдөгү алты даана учактын ээси болуп, жалпы Орто Азияда алдынкы компания болууну көздөөдө.

Эске сала кетсек, бул жаңы учактар Өзбекстандын авиа тармагын өнүктүрүү боюнча кабыл алынган инвестициялык  долбоорунун алкагында сатылып алынды. Долбоор Өзбекстандын учактарынын атаандаштыка туруктуу болушун жана коопсуздугун чыңдоого багытталган болучу.

«Узбекистон хаво йуллари» компаниясы Борбордук Азиядагы мамлекеттердин ичинен Boeing 787-8 Dreamliner үлгүсүндөгү учактардан сатып алгандардан алгачкыларынан болуп калды. Азыркы учурда бул үлгүдөгү учактар Европа, Азия, Америка, жана  Аляскадан баштап  Жаңы Зеландия өлкөлөрүнө чейин коммерциялык учууларды камсыз кылып турат.

https://uztag.info/ru/news/nak-uzbekistana-poluchila-pyatyy-samolet-boeing-787-8-dreamliner