21.07.19.

Өзбекстан Эл аралык өнөктөштөрүнүн колдоосу менен  16 долбоорду ишке ашырууну пландоодо. Аларга, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарындагы ГЭСтер жана электро станцияларды модернизациялоо жана жаңыларын курууга  $1,9 миллиард доллар коротулмакчы.

Ташкент шаарында, алгачкы “жол картасын” ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча, экономикалык кеӊешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Мындан тышкары чогулушта,   Өзбекстандын негизги экономикалык структуралык багыттарында 2019-2021-жылдарга карата реформаларды жүргүзүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн энергетикалык секторун жакшыртуу маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

Жогорудагы долбоордо электроэнергия жана газ секторунда атаандаштык принцибин киргизүү каралган. Долбоордун негизги максаты, ишканалардын финансылык жактан күчтөнүүсү, акырындык менен экологиялык таза энергия өндүрүүгө багытталган. Мындан тышкары, кызмат көргөзүүнүн абалын жакшыртуу болуп саналат. Долбоордун алкагында, Бухара, Жизак жана Самарканд областарында $150 миллион долларга,  коротулган энергияны автоматтык түрдө эсептөө системасын ишке киргизүү да каралган. 

  https://ca-news.org/news:1557922