04.09.19.

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына, Беларусия өлкөсүнөн өндүрүлгөн электр автобустары алынып келди.

Бул унаалар, троллейбус жана бензин менен жүрүүчү кадимки  автобустардын артыкчылыктарын өзүнө камтып турат. Жергиликтүү басма сөз кызматтарынын берген маалыматы боюнча, азыркы күндө электр автобустарды техникалык жактан сыноо иштери башталган. Эки жерге электр автобустарды зарядоо үчүн зарядык станциялар курулган. Жакынкы күндөрдө болсо, жаңы унааларды шаардын ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук тилкеге чыгуусу пландалууда.

Атайы түзүлгөн комиссия, жаңы келген унаалардын жергиликтүү ысык аба-ырайынын шартында жүрүүсүн жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуулугун текшерүүгө алмакчы.

Эске сала кетсек «Белкоммунмаш» жалпы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен элекр автобустарын чыгарган алдынкы завод болуп эсептелет. Мындан тышкары завод, троллейбус жана трамвайдын вагондорун дагы чыгарат.

https://www.spot.uz/ru/2019/09/04/electrobus/