09.09.19.

Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода минстирлигинде Түркиядан келген “Түркия  мамлекеттик темир жолу” акционердик коомунун мүдүрү Э.Арыкан мырза менен жолугушуу болуп өттү.

Эки тараптуу жолугушуу учурунда, өлкөлөр ортосундагы транспорттук жүк ташуу тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү болгон актуалдуу маселелер талкууланды. Өзгөчө, эки мамлекеттин ортосундагы товар алмашуунун көлөмү жыл сайын өсүп жаткандыгы эске алынды. Тараптар мындан тышкары, Түркия-Грузия-Азербайжан-Түркмөнстан-Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай маршруту аркылуу жүк ташууну жандандырууну талкуулашты.

Жолугушууда, эл аралык транспорттук системаны өнүктүрүүдө комплекстүү чараларды көрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Эгерде, товар ташуу тармагы жакшырса, жогорудагы өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүшүнө  чоң салым кошо тургандыгы белгиленди.

Көрүшүү учурунда, тараптар “Өзбек-түрк бизнес-форуму”  уюмунун алкагында эки өлкөнүн ишкерлери бири бири менен маалымат алмашып, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кенен мүмкүнчүлүктөр түзүлө тургандыгын эске алып, аталган уюмга сунуш жөнөтүүнү туура көрүштү.

Жыйынтыгында, транспорт тармагында тыгыз иш алпаруу боюнча келишимге жетишишти.

https://ca-news.org/news:1565497