CA-NEWS (UZ) - Өзбекстан жана Белорусия 2018-2019-жылдар үчүн Коопсуздук кеңештеринин аппараттары ортосундагы кызматташтык планына кол коюшту. Бул тууралуу Белорусиянын Коопсуздук кеңешинин  мамлекеттик секретариатынан кабарлашканын БЕЛТА маалымат агентиги билдирет.

Документ Белорусия Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик катчысы Станислав Засьтин Ташкенттеги  иш сапарында  Өзбекстан президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов менен болгон жолугушуусунда бекитилген.

Тараптар укук коргоо органдарынын ортосунда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча, бажы органдарынын ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу жаатында өзгөчө кырдаалдардан калкты коргоо, ошондой эле, мындан аркы кызматташуунун келечеги, аскердик жана аскердик-техникалык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин аппаратынын өкүлдөрү катышкан консультациялар өткөрүлдү.

Учурдун чакырыктары менен коркунучтарына каршы кызматташтыкты бекемдөө, эл аралык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашылды.