CA-NEWS (UZ)- Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын айтуусунда Өзбекстандын алтын акча запастарынын өлчөмү  26 млрд АКШ долларын түзөт.

Өзбекстан Борбордук банкынын төрагасынын биринчи орун басары Тимур Ишметов, Ташкентте өткөрүлгөн жыйынында сентябрдан баштап,өлкөнүн акча системасы бир өзгөрмөлүү алмашуу курсун пайдалана баштагандыгынын натыйжасында алмашуу камдардарынын көлөмү $ 750 миллионго долларга өскөндүгүн айтты. Ишметов 1-ноябрда Өзбекстандын алтын жана акча камдарынын жалпы көлөмү $ 26 млрд долларды түзөт деп кошумчалады.

Өзгөрүлмө алмашуу курсуна өткөндөн кийин, Ишметовдун айтуусуна караганда банктар экспорттук компаниялардан $ 915 млн жана $ 644 млн доллар жеке адамдардан сатылып алынган, жалпысынан-1,5 млрд долларды түзгөндүгүн белгиледи. Валюталык биржа базарында ошол эле мезгил ичинде юридикалык жактар жана компанияларга 766 млн долларга сатылган.