09.10.19

 2020-жылдан тартып Өзбекстан чийки пахтанын экспортун токтотот. Баардык өндүрүлгөн түшүм, өлкөнүн ичинде иштетилип баштайт.  Чет өлкөлөргө болсо, текстил түрүндө кошумча баа менен сатылмакчы.

Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы соода жана инвестиция министри Сардор Умурзаков, Жапониянын “Nikkei Asian Review”   басылмасына берген маегинде билдирди.   Минстирдин айтымында, иштетилген пахтаны кездеме түрүндө  Борбордук Азия өлкөлөрүнө сатуу менен гана чектелип калбастан, АКШ жана Кытайга да экспорттоо күтүлүп жатат. Болжол боюнча, бул жылы Өзбекстан кездемени сатуудан  $ 2 миллиард  жана 2025-жылы  $ 8 миллиард долллар пайда көрүүнү пландап жатат.

Ушул эле жапониялык басылма мисал катары, Франциялык IFRI изилдөө институтунун маалыматын мисал катары келтирген. Анда 2018-жылы Кытай, Өзбекстандын 786 компаниясына инвестиция салган. Япония болгону 17 гана ишканага акча каражатын жумшаган.

Сардор Умурзаковдун жогорудагы статистикалык маалыматка коментарий берип жатып: “Өзбекстан өзгөчө жогорку технологиялык тармактарга чет элдик капиталды тартууга көңүл буруп жатат. Эгерде, инвестициялар келечекте өлкөнүн 20 эң өнүккөн өлкөлөрүнүн бири болушуна жардам берсе, анда инвестициялар кайсы жерден болгондугу эч кандай айырмасы жок”-деп билдирди.

Пахта буласы, Өзбекстандын эң маанилүү экспорттук товары болуп саналат. Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2010-жылы Өзбекстандын пахта буласын экспорттунун көлөмү $ 1,5 миллиард долларды түзгөн. 2015-жылы бул көрсөткүч $ 736 миллион доллар болгон болсо, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча $ 222 миллион долларга чейин төмөндөгөн.

https://www.fergana.agency/news/111496/