18.10.19

Өзбекстан жана Түркия биргеликте, Кыргызстандын аймагы  аркылуу Кытайдан мультимодалдык товар ташууларды ишке ашырууга белсенип жатышат. Бул тууралуу, Евразиялык өнүктүрүү банкынын берген маалыматында маалымдалат.

Өзбекстандын Тышкы соода жана инвестиция министрлиги  жана  Түркиянын  “Мамлекеттик темир жолдору” департаменти жүк ташуу тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Жолугушууда, “Түркия мамлекеттик темир жолдору” жана Өзбекстандык жүк ташуу менен алектенген “Урта Осие Транс” компанияларынын жетекчилери, Түркия-Грузия-Азербайжан-Түркмөнстан-Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай өлкөлөрү  аркылуу мультимодалдык жүк ташууларды өнүктүрүү маселесин  талкуулашты.

Тараптар, эл аралык транспорт системасын өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Анткени, бул тармак  мамлекеттердин экономикалык өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизмекчи.

http://www.tazabek.kg/news:1572228?from=portal&place=last&b=1