04.11.19

Ташкет шаарында 4-ноябрь күнү, “Inno Week – 2019” эл аралык инновациялык жана инвестициялык форуму болуп өттү. Форумдун алкагында $ 108 миллион долларга бааланган келишимдерге колдор коюлду. Бул тууралуу Өзбекстан телеграф агенттиги (УзТАГ) маалымдады.

Форумга, чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, ата мекендик жана чет мамлекеттен келген  ишкерлер, илимий изилдөө институттарынын кызматкерлери, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

“Inno Week – 2019” эл аралык форумунун алкагында  $108 миллион долларга бааланган инвестициялык келишимдерден тышкары, өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга дагы кол коюлган.

Форум башталган биринчи күнүндө, Кытайдан, Түркиядан,  Польшадан жана Индиядан келген инвесторлор менен эки тараптуу кызматуушуну өнүктүрүүгө багытталган жалпы суммасы $96,5 миллион долларга жеткен келишимдерге кол коюлду. Ал эми, Түштүк Кореянын инвесторлору менен Өзбекстандык ишкерлердин ортосунда $6,3 миллион долларлык инвестициялык келишим түзүлдү. Мындан тышкары, форумдун жүрүшүндө инвесторлор менен энтузиасттар арасында $5,9 миллион долларга бааланган келишимге колдор коюлду.

https://uztag.info/ru/news/v-ramkakh-foruma-innoweek-2019-podpisany-soglasheniya-na-bolee-chem-108-mln