CA-NEWS (UZ) – Шавкат Мирзияевдин Сеулга болгон иш сапарынын биринчи күнүндө Өзбекстан жана Түштүк Корея 8,9 млрд долларлык келишимге жана документтерге кол коюшту. Бул жөнүндө өлкө башчысынын басма сөз борбору билдирди.

Жарыяланган маалыматтарга караганда, 75 документке кол коюлду. Атап айтканда энергитика жана мунай-газ химия чөйрөсүндө 2,95 млрд долларлык келишим түзүлдү. Банк жана каржы тармагында 2,7 млрд доллар, курулуш жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 1,7 млрд доллар өлчөмүндөгү келишимге кол коюлду.

Мындан сырткары Өзбекстандын тышкы соода министрлиги, “Алмалыкский ГМК” акционердик коому жана Корея сейрек металлдар институту (KIRAM) илимий-техникалык жана инновация тармагында кызматташуу боюнча “Жол картасына” кол коюшту. Корея кадрларды өнүктүрүү институту жана Өзбекстандын тышкы эмгек мигранттары боюнча агентсвосу кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту, басма сөз борбору Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Өзбекстандын инвестициялар боюнча мамлекеттик комитети 2018-2019-жылында кызматташуу программасын ишке ашыруу меморандумуна кол койгондугун кошумчалай кетти.

Түштүк Корея Өзбекстандын эң ири инвесторлорунун бири. Азыркы учурда өлкөдө корея капиталынын катышуусундагы 461 компания иштеп жатат. 2017-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча эки өлкө арасындагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,3 эсе көбөйүп 1,1 млрд долларга жетти.

Шавкат Мирзияевдин Түштүк Кореяга болгон иш сапары 25-ноябрда жыйынтыкталат.