CA-NEWS (UZ) - 1-декабрдан тартып Өзбекстанда айлык акыларды, пенсияларды, стипендияларды жана пособияны 1,15 пайызга жогорулатылат.

2017 жылдын 1-декабрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев эмгек акы, пенсия, стипендия жана пособияны жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду. Документке ылайык, Өзбекстан Борбордук Банкынын курсу боюнча минималдык айлык акы 172 240 сум же $21, пенсия 336 880 сум же $41 доллар, улгайган жана эмгекке жарамсыз жарандардын, иш тажрыйбасы жок адамдардын пособиясы айына 206 720 сум өлчөмүндө же $25 долларды түзөт.

           Эскерте кетсек биринчи президент тарабынан учурдагы айлык акылардын жогорулашы алгач ирет болуп отурат. Акыркы жолу 2016 - жылдын октябрь айында айлык акыны көтөрүү болгон.