11.11.19

Ташкент шаарында 11-ноябрь күнү, Азиянын “Валдай” эл аралык клубунун конференциясы өз ишин баштады.  Конференция  “Борбордук Азия жана Евразия: глобалдык чакырыктардын алдындагы көп тараптуу кызматташтык” аттуу темада болуп өттү.

Иш чаранын башталышында, Өзбекстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов президент Шавкат Мирзиёевдин конференциянын катышуучуларына жазган кайрылуусун окуп берди.

Кайрылууда, Борбордук Азия Евразия мейкиндигинде жана бүтүндөй геосаясатта  маанилүү роль ойноп келгендигин белгилеп келип: “Кыска мезгилдин ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен күч-аракети менен достук, коңшулук жана кызматташтыктын принципиалдуу жаңы атмосферасын түзүүгө жетиштик. Саясий өз ара ишенимдин деңгээли бир кыйла өстү.  Мындай жетишкендиктер, бүгүнкү күндө турмуштук зарыл болгон аймактын ичиндеги көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет.  Мамлекеттик чек ара, сууларды пайдалануу, транспорт жана соода маселелери боюнча орток пикирлер табылды. Өзбекстан Республикасы, мындан ары көп тараптуу регионалдык кызматташууну кеңейтүүгө умтулмакчы. Биздин башкы максат,  Борбордук Азияны стабилдүү жана экономикалык жактан өнүккөн аймакка айлантуу", - деп билдирген өлкө башчысы.

Эске сала кетсек, Өзбекстан Республикасынын президентине караштуу Стратегиялык жана регионалдык изилдөөлөр институту жана Азиялык “Валдай” эл аралык клубу тарабынан уюштурулган  конференцияга Россия, Өзбекстан, Германия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Филипин, Швеция жана Япония өлкөлөрүнөн  келген алдыңкы  эксперттер  катышып кетишти.

https://uzreport.news/politics/shavkat-mirziyoev-nasha-glavnaya-tsel-prevratit-tsa-v-stabilniy-i-ekonomicheski-razvitiy-r