13.12.19

Иран Өзбекстан үчүн өзүнүн аймагы аркылуу деңиз, темир жана автомобиль жолдорун ачып, Түндүк Африка өлкөлөрү менен байланыштырган  транзиттик өлкөнүн ролун аткарууга даяр.

Бул тууралуу, Иран Ислам Республикасынын Өнөр жай, шахталар жана соода министри Реза Рахмани Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен болгон жолугушуу учурунда билдиргендигин  “iran.ru” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Рахманинин айтымында, Иран Түндүк Африка жана Персия булуңунда жайгашкан  өлкөлөрдөн, Өзбекстанга товар ташуу үчүн транзиттик коридор ачууга даяр. Мындан тышкары,  эки өлкө ортосундагы товар сатуу жана сатып алууда өздөрүнүн  улуттук валюталарын  колдоно алышат  деп билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө,  тараптар өз ара соода жүгүртүүнү кеңейтүү, Өзбекстандын айыл-чарба, балык чарба жана курулуш тармактарына,  Ирандан инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, эки тарап фитосанитардык текшерүүлөрдүн талаптарын кайра карап чыгууну, соода жүргүзүү үчүн шарттарды жеңилдетүү боюнча конкреттүү сунуштарды талкуулашты.

https://today.kg/news/174611/?utm_source=last&hl=ru