19.12.19

Япониялык “Isuzu Motors” жана “Itochu Corporation” компаниялары Өзбекстандын Самаркан шаарындагы автомобиль заводун өнүктүрүү үчүн 15 миллион доллар инвестиция жасай турган болду. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” агенттиги  жазып чыкты.

Жогорудагы келишим, Токио шаарында болуп өткөн, “Өзбекстан-Япония бизнес-форумунун”  жыйынтыгында жетишилген болучу.

Япониянын “Isuzu Motors” жана “Itochu Corporation” компаниялары жана Өзбекстандын “Самаркан автомобиль” заводунун ортосундагы кызматташтык 2007-жылы башталган болучу. Бул жылы “Самаркан автомобиль” заводунан “Isuzu”  маркасынын базасында жүк жана жүргүнчү ташуучу унааларды массалык түрдө өндүрүү иштери башталды. Бул өнөктөштүк, заводун өндүрүштүк кубатынын артышына кыйла мүмкүндүк берди.

“Самаркан автомобиль” заводу кезектеги жаңы долбоорун ишке ашыруу үчүн япон өнөктөштөрү менен биргеликте 15 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартуунун планын иштеп чыгышкан эле. Бул каражат, 2021-жылга чейин заводун өндүрүшүнүн көлөмүн жылына 5 миңден  10 миң даанага чейин автомобиль өндүрүүнү (автобустар, оор жүк ташуучу унаалар) көбөйтүүгө мүмкүндүк бермекчи.

Эскерте кетсек, келерки жылдын январь айында “Самаркан автомобиль” заводу өзү өндүргөн “Isuzu D-Max” үлгүсүндөгү унааларын сатып баштайт. Алардын баасы 270 миллион сумдан (28,312 миң доллар) 380 миллион сумга (39,846 миң доллар) чейин болот.

https://www.podrobno.uz/cat/economic/yapontsy-vlozhat-15-mln-v-razvitie-samarkandskogo-avtozavoda-eto-pozvolit-uvelichit-ego-proizvodstvo/