28.01.20

28-январь күнү Ташкент шаарында, эки өлкөнүн жумушчу топторунун ортосунда Тажикстандын  Заравшан дарыясына ГЭС куруу боюнча талкуу болуп өттү. Бул тууралуу,  Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин билдиришинче, биринчи этапта 282 миллион долларга  140 МВт кубаттуулуктагы Яван ГЭСин  куруу мерчемделип жатыптыр. Кийинки баскычта, тараптар Фандарья дарыясына баасы 270 миллион доллар турган кубаттуулугу 135 МВт  болгон ГЭС курушмакчы.

Маалыматта, курула турган гидроэлектростанциялар 1,4 миллиард кВт чейин экологиялык таза энергия иштеп чыгууга жөндөмдүү болушат. Өндүрүлгөн энергиянын баардыгы, Өзбекстандын керектөөсү үчүн жумшалмакчы.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын август айында эки өлкөнүн президенттери жолугушуу учурунда, Өзбекстан Тажикстандын аймагында кубаттуулугу 320 МВт, болгон гидроэлектростанция куруу боюнча талкуулашкан болучу.

Азыркы учурда, Өзбекстанда өндүрүлгөн электр энергиясы ички керектөөгө жетпей келет. Ошол себептен, электр энергиясын Кыргызстан жана Тажикстандан жыл сайын сатып алат.

Официалдуу билдирүүгө ылайык, Өзбекстандын электр энергиясын керектөөсү 2017-жылы 60 миллиард кВт болгон. Ал эми,  Энергетика министрлигинин божомолу боюнча, 2030-жылы бул көрсөткүч 105 миллиард кВт ашмакчы.

 

https://centralasia.media/news:1593178