12.02.20

Өзбек телеграфтык агенттиги (ӨзТА) билдиргендей, Өзбекстанда беш жаңы авиакомпанияны ишке киргизүү пландаштырууда. Бул тууралуу, 2020-жылга карата мамлекеттик иш-аракеттер программасынын долбоорун жарыялоо учурунда айтылган.

Өзбекстандын Транспорт министрлигине, Мамлекеттик туризм комитетине жана башка бир катар ведомстволорго үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин беш жаңы авиакомпанияларды түзүү тапшырмасы берилди. Бул иш-чаралар иштеп жаткан рейстердин жыштыгын көбөйтүү, ошондой эле жаңы багыттагы авикаттамдарды ачууга мүмкүндүк берет деп белгиленет.

Документ Өзбекстандын ар бир аэропортунда "Ачык асман" программасынын алкагында, жаңы эл аралык авиарейстерди ишке киргизүүнү мерчемдейт. Мындан тышкары, программада Өзбекстан менен визасыз режимди киргизген өлкөлөрдүн санын көбөйтүү дагы каралган.

https://uztag.info/ru/news/v-uzbekistane-planiruyut-sozdat-pyat-novykh-aviakompaniy