03.03.20

2020-жылдын январь айында, Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,946 миллиард долларга жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин билдирүүсүндө айтылат.

Өзбекстан дүйнөнүн 129 өлкөсү менен соода мамилелерин жасап келет.

Өзбекстандын башкы соода өнөктөштөрү Кытай (17,5%), Россия  (16,0%), Казакстан (7,4%),   Түштүк Корея  (6,5%),  Түркия (5,7%),  Афганистан (1,7%) жана Германия (1,6%) мамлекеттери болуп саналат.

Акыркы жылдары, кошуна өлкөлөр Кыргызстан жана Тажикстан  менен тышкы соода алакалары бир топ жакшырган. Соңку үч жылда, бул эки мамлекет менен соода жүгүртүү эки эсеге өскөн.

 Өзбекстандын негизги тышкы соода өнөктөштөрүнө (кошуна өлкөлөрдөн тышкары) Кытай, Россия, Казакстан, Түштүк Корея,  Түркия өлкөлөрү кирет. Бирок, бул мамлекеттердин ичинен өзгөчө Түркия менен активдүү тышкы соода балансы камсыздалган.

Жалпысынан жыйырмага чукул, негизги өнөктөш өлкөлөрдүн ичинен тышкы соода тармагында, активдүү баланс Афганистан ($48,3 млн), Түркия ($26,9 млн), Тажикстан ($18,6 млн), Кыргызстан ($14,3 млн), Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) ($4,3 млн) жана Иран ($2,3 млн) сыяктуу мамлекеттер менен жасалган.

Өзбекстан экспортко чыгарган товардын  38,1% пайызы баалуу металлдар, текстилдик продуктулар  12,1% пайыз, энергетика жана мунай 11,9% пайыз, тамак-аш азыктары 5,1% пайыз, түстүү металлдар жана андан жасалган буюмдар 5,5% пайыз жана химиялык продуктулар болуп саналат.

 http://www.uzdaily.com/ru/post/49723